Кыргызстандык студенттердин спектакли ГИТИСте көрсөтүлдү. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайдын студенттери Россиянын театралдык искусство институнун (ГИТИС) Окуу театрында "Аюу" спектаклин көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган окуу жай маалымдады.
1 / 4

Кыргыз улуттук драма театрынын Театралдык окуу жайынын студенттери ГИТИСте "Аюу" спектаклин көрсөтүштү

2 / 4

Москвада КМШ өлкөлөрүнүн VIII "ГИТИС — мастер-класс" деп аталган фестивалы өтүүдө

3 / 4

Спектаклдин эскизин ГИТИСтин бүтүрүүчүсү Евгения Тодорова кыргызстандык студенттер менен биргеликте түзгөн

4 / 4

Театралдык окуу жайдын студенттери эмгекти жактырып, эскизди толук кандуу театрдык долбоор катары иштеп чыгышкан

Билдирүүгө ылайык, Москвада КМШ өлкөлөрүнүн VIII "ГИТИС — мастер-класс" деп аталган фестивалы өтүүдө. Ага кыргызстандык актер-студенттер Антон Чеховдун чыгармасынын негизинде спектакль даярдап барышкан.
Спектаклдин эскизин ГИТИСтин бүтүрүүчүсү Евгения Тодорова жайда өткөн "ГИТИСFEST: Театральное Приволжье" эл аралык фестивалында кыргызстандык студенттер менен биргеликте түзгөн. Кыргыз улуттук укадемиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайдын студенттери бул эмгекти жактырып, эскизди толук кандуу театрдык долбоор катары иштеп чыгышкан.

"Антон Чехов таланттуу жазуучу эле эмес, ошол мезгилдеги белгилүү мырза да болгон. Ал баяндаган сансыз сүйүү окуяларынын баарын бир нерсе бириктирип турат. Бул - анын арзуусу канчалык күчтүү болсо да көпкө чейин үйлөнбөй жүргөнү. Автордун мындай ойлору пьеса, аңгемелеринен байкалат. "Аюу" пьесасы окурмандарын аялдар менен мырзалардын жан дүйнөсүндөгү өзгөчөлүктөрү боюнча ойго салат. Көрүүчүнү Адам менен Евадан бери эркек менен аялдын мамилеси канчалык өзгөрдү же эч нерсе өзгөргөн жокпу деген ойго түртөт", — деп айтылат маалыматта.

"ГИТИС — мастер-класс" фестивалы РФ Маданият министрлигинин, Россиянын президенттик гранттар фондунун, КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча эл аралык фондунун жана TV BRICS медиасынын маалыматтык колдоосу менен өтүүдө.
Бишкекте Михалковдун “12” спектакли коюлуп, өзү да ойноду