Пресс-борбор

Мэрия жаңы ипподромду Кожомкул айылына куруудан баш тартты. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 19-Ноя. — Sputnik. Бишкектеги жаңы ипподром Кожомкул айылына эмес (Военно-Антоновка), жаңы "Ош" базарынын жанына курулат. Бул тууралуу калаа мэри Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
Айбек Жунушалиевдин айтымында, муниципалитет айылдан 200 гектардай жер алган, бирок геологиялык изилдөөлөр ал жакка имарат курууга болбой турганын аныктаган.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев
"Жер бийик имаратты көтөрө албайт экен. Андыктан башка жакка курмай болдук", — деди Жунушалиев.
Буга чейин шаардын батышындагы ипподром эскилиги жетти деп буздурулган. Кийинчерээк ал жайгашкан аймактын басымдуу бөлүгү вьетнамдык компанияга турак жай курууга берилген.
Министр: Кыргызстан 2030-жылга чейин жүк ташуунун көлөмүн үч эсе көбөйтөт