БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Борбор калаада 1-декабрдан тарта таштандыны кайра иштеткен завод электр кубатын бере баштайт. Бул туурасында калаа башчысы Айбек Жунушалиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты.
Калаа мэринин айтымында, завод шаарды электр кубаты менен камсыздоого даяр.
"Бул маселени чечүүдө электр энергиясын өндүрүүнүн базасын түзүү негизги ролду ойнойт. Энергетика министрлиги бул багытта чоң иштерди жасап жатат. 1-декабрдан тарта таштандыны кайра иштеткен завод электр кубатын бере баштайт", — деди мэр.
Ал белгилегендей, таштандыны кайра иштетүүчү завод суткасына 850-1200 тоннага чейин калдык иштетүүгө эсептелген. Ал эми башкы план долбоорунда каралган чен-өлчөмдөргө ылайык, келечекте завод күнүнө 3,5 миң тонна акыр-чикирди жок кыла тургандай болушу керек.
"Бүгүн башкы план жана шаарды куруунун жалпы концепциясы электр кубаты эле эмес, бардык инженердик инфраструктураны, коммуналык системаларды өнүктүрүүнү карап жатат. Бул — бардык тармакты камтый турган иш", — деди Жунушалиев.