БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев инвесторлор чыгыш жана батыш айланма жолдорун курууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Калаа башчысы шаардын 2050-жылга чейинки өнүгүүсү үчүн иштелип чыккан негизги документ тууралуу суроолорго жооп берип жатып, бүгүн эле инвесторлор менен жолукканын, алар шаар үчүн маанилүү болгон айланма жолдордун курулушун баштоого даяр экенин айтышканын белгиледи.
Жунушалиев Бишкектин бардык көйгөйүн жаңы башкы планга камтып чечип койгудай, ал документ панацея эмес экенин айтты.
"Абанын булганышы боюнча Бишкектин көчөлөрүнөн маршруткалар алынганы менен натыйжа чыккан жок деп жатышат. Буга кошулбайм. Абанын булганышы боюнча өзүнчө пландар бар. Абанын кирдешине транспорт 45 пайызга таасир берип жатканы аныкталган. Катализатор жана башка нерселер каралбаган болсо, экологияга мындан да көп зыяны болмок", — деди Жунушалиев.
Мэрдин айтымында, башкы пландын долбоорун майда-чүйдөсүнө чейин Санкт-Петербургдун шаар куруу боюнча илим-изилдөө институту даярдап жатат. Былтыр концепцияны япон компаниясы иштеп чыгып, документ министрлер кабинетинде бекитилген. Ал эми быйыл Санкт-Петербургдун институту менен кеңири долбоорлоо боюнча келишим түзүлгөн.