БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Россиядагы сулуулануунун кайсы бир түрлөрү Батыштагы кыз-келиндерге жагып, көп колдонула баштаганын Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды.
TikTok платформасында тырмакты тазалап, боеп, көрккө келтирген орус маникюру кеңири тарап кеткени айтылды. Роликтердин саны жарым миллиардга чейин жеткен. Океандын ары жагындагылар да мындан кыя өткөн эмес.
Жылмайтканы — бир катарлары суктанса, бир катарлары саксынып мамиле жасашкан.
Бул нерсе КГБнин кыйнаган куралдарынын бири эмеспи деп монреалдык чеюер Андреа Маку тамаша-чыны аралашкан суроо салган.
Негизи сөз болуп жаткан сулуулук өзгөчө чеберчиликти, тактыкты талап кыларын айтышкан. Колдонулган каражаттарды тиш доктурдун техникаларына да салыштырышкан.
Лондондо кырктан ашык салон бул кызматты сунуштайт. Тырмак жасап берүүнүн орточо баасы 45-60 евронун, ал эми АКШда 100-250 доллардын тегерегинде.