Пресс-борбор

Жунушалиев: Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планында реновация каралган эмес

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планында реновация каралбаганын калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Калаа башчысы Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде сүйлөп жатып, реновация — бул жөн гана программа экенин, ал Курулуш министрлиги же Бишкек мэриясы тарабынан иштелип чыгып аткарыларын айткан.
Пресс-конференция мэра о проекте нового генплана Бишкека
"Биз бир аймакта реновация болот деп аныктайбыз. Бирок башкы планда "так ушул аймак, мынча убакытта реновация болот" деген нерсе жок. Документте жаңы үй курууда канча кабат болушу керектиги, талаптары тууралуу айтылган. Кийин реновация болсо курулуш кабыл алынган башкы планга жараша жүрөт", — деди Жунушалиев.
Мэрдин айтымында, башкы план келерки жылы бекитилиши керек. Анын долбоорун майда-чүйдөсүнө чейин Санкт-Петербургдун шаар куруу боюнча илим-изилдөө институту даярдап жатат.
Пресс-борбор
Бишкекте чыгыш жана батыш айланма жолу курулат. Мэр инвестор даяр экенин айтты