Пресс-борбор

Бишкек мэри: дүрбөлөңгө түшпөгүлө, жашыл аймактагылардын үйү түрттүрүлбөйт

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектин башкы планы боюнча, буга чейин жашыл аймакка кирип калган үйлөр бузулбайт. Бул туурасында калаа башчысы Айбек Жунушалиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев
"Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Эч кимдин үйү түрттүрүлбөйт", — деди мэр.
Ал көп жылдан бери өзгөртүүлөр киргизилбеген бир нече документ бар экенин, андыктан айрым аймактар башкы пландын долбоорунда бош жер катары көрсөтүлүп калганын билдирди.
"Бирок бул үйлөр бузулат дегенди билдирбейт. Эч кандай бузуу болбойт — буга мыйзамдык негиз жок. Ал жакта адамдар көп жылдан бери жашап келет. Тескерисинче, долбоор учурдагы кырдаалга ылайыктап түзөтүлөт. Эч кимге барып сүйлөшүүнүн, бирөөлөрдүн азгырыгына түшүүнүн кереги жок. Үйүңөр өз ордунда калат", — деди мэр.
Бишкектеги конуштарда төрт кабаттан көп үйлөрдү курууга тыюу салууну карап жатышат