БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар — шайлоо алдындагы чагымчылык. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Ал өлкөдөгү чагымчыл топторго азырынча сыртынан көз салып турганын белгиледи. Ошондой эле республикадагы чет өлкөлүктөрдү көзөмөлдөө үчүн мамлекеттин күчү жетиштүү экенин айткан.
"Электр энергиясы боюнча кенен маалымат берсем тынчып калышты эле, эми кытайларды көтөрүп чыгып жатышат. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок", — деди мамлекет башчы.
Президент өткөн жума соңундагы окуядан кийин кытайлык жумушчуларга катуу эскертүү берилгенин, алар жумушу бүтүп, визасы аяктаган соң Кыргызстандан чыгып кетерин айткан. Өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлорду бүтүрүү үчүн чет элден келген жумушчу күчүнө муктаждык бар экенин белгилеген.
Эске салсак, 15-ноябрь күнү Чүйдүн Аламүдүн районунда "Чайна-Роуд" менен "Чжунзцы" деп аталган компаниялардын айдоочулары мушташып кеткенин милиция билдирген. Чатак Константиновка айылында болуп, "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон.