БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Украинанын Жогорку Радасындагы "Голос" жана "Европейская солидарность" оппозициялык партиялары Владимир Зеленскийден кеңсесинин башчысы Андрей Ермакты жана өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Страна.ua. басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта мындай кадамга өлкөнүн энергетикасындагы коррупциялык жаңжал себеп экени айтылат.
Партиялардын билдирүүлөрүндө аталган окуя таптакыр акылга сыйгыс экени белгиленип, Украина үчүн өтө кооптуу болуп саналары кошумчаланган. Уюм лидерлеринин айтымында, өзгөрүүлөр Ермактын отставкасынан башталышы керек. Мындан тышкары, кайрылууда "улутту сактап кала турган өкмөт" куралып, ага "кынтыксыз кадыр-баркы бар мекенчилдер менен адистер кириши" зарыл экени белгиленген.
Украинадагы коррупциялык жаңжал
Өткөн аптанын башында Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.
Агенттик ошондой эле Украинанын энергетика тармагындагы уурулук схемаларынан түшкөн акча Киевдин борборундагы кеңсе аркылуу адалданганын аныктаган.
Украина өкмөтү компанияны жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.
Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырган.