БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер илим жана билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар байланышы, маданият, искусство, туризм, спорт тармагында кызматташуусун тереңдете алат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин ШКУ өкмөт башчыларынын Москвада өтүп жаткан жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, бул жолугушуу менен Россия аталган уюмдагы төрагалыгын жыйынтыктайт.
"Илим жана билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар байланышы, маданият, искусство, туризм, спорт тармагында кызматташууну тереңдетүү мүмкүнчүлүгүбүз кеңири. Элибизге да керек. Болушунча тезирээк ишке ашырууга аракет кылышыбыз керек", — деди Мишустин.
Өкмөт башчы ШКУ өлкөлөрүн жалпы тарых, бири-биринин маданияты менен каада-салтына жасалган сый мамиле бириктирип турарына токтолгон.
Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна 10 өлкө: Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Москвадагы жолугушууга өнөктөш мамлекеттер менен байкоочулар, ЕАЭБ, Азиядагы кызматташуу боюнча диалог сыяктуу бир катар бирикме менен эл аралык уюмдардын аткаруучу органдарынын өкүлдөрү келген.