БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин РФ ишенимдүү атомдук муз жаргычтарды чыгарып турган жалгыз өлкө экенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Россия – бүгүнкү күндө кубаттуу, ишенимдүү атомдук муз жаргычтарды сериясы менен жасаган өндүрүштү колуна алган бирден-бир мамлекет", — деди Путин атомдук "Сталинград" муз жаргычынын курулушунун башталышына видеоконференция менен катышып жатып.
Мурдараак "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев ноябрь айында Санкт-Петербургдагы "Балтика заводунда" 22220 долбоорундагы жаңы сериядагы, көп кырдуу "Сталинград" атомдук муз жаргыч кемеси курула баштаарын кабарлаган. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлердин Сталинграддын жанында контрчабуулга өткөндүгүнүн 83 жылдыгына арналган.