“Туяк” программасында мейманда кыргыз эл акыны, “Токтогул” атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Шайлообек Дүйшеевдин кызы Изат Дүйшеева келип маек берди. Биз акындын балачагы, жашоо-турмушу, акындыгы, чыгармалары тууралуу баарлашып кадимки жөнөкөй турмуштагы бейнесин ачып берүүгө далалат жасадык. Шайлообек Дүйшеев абдан жөнөкөй, ошол эле учурда улуу инсан эмеспи. Анткени кандай гана мыкты ырлардын автору. Анын кара сөздү да шурудай тизип, жатык, окурманга жакын тилде жазган жазмакер экенин “Агындылар” китеби айгинелейт. Шайлообек Дүйшеев журналистика жаатында да бир топ эмгектенди. Ал жашоодо жетишкендиктери үчүн чоң энесине жана жубайына ыраазы экенин айтат. Себеби чоң энесинин батасы, жубайынын колдоосу менен Дүйшеев болгонун моюндайт.