БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россияга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна комментарий берип, РФ менен кызматташкан өлкөнүн баарына санкция салынарын билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал журналисттерге Конгресс Россия менен бизнес жүргүзгөн мамлекеттерге өтө катаал санкцияларды киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл аларын айткан.
Октябрь айынын аягында Сенаттагы республикачылардын лидери Жон Тьюн Трамптын администрациясы мындай кадамга барууну зарыл деп эсептесе, анын партиясы Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун добушка коюуга даяр экенин белгилеген.
Ал эми Россия Батыш бир нече жыл мурда баштаган жана улантып жаткан санкциялык басымга туруштук бере аларын билдирип келет. Расмий Москванын айтымында, Батыш санкциялары максатына жетпей калганын моюнга алууга эрки жетпей жатат. Батыш мамлекеттеринин өзүндө да Россияга каршы санкциялар натыйжасыз деген пикирлер бир нече жолу айтылган.