БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигинде кытай ишкерлери менен жолугушуу болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, жыйынга ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышкан.
"Жолугушууда чет өлкөлүк адистерди тарткан компаниялар тарабынан маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өз убагында жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Кытай жарандарына өлкөнүн мыйзам талаптары, ошондой эле жергиликтүү каада-салттарды сыйлоо боюнча түшүндүрүлүшү зарыл экендиги айтылды", — деп жазылган маалыматта.
ИИМ кытай ишкерлери менен тыгыз кызматташууга ачык экендиги жана терс жагдайларды бирге алдын алуу үчүн иштешүүгө даярдыгы кошумчаланды.