Таасирленткен, жашыткан, ойлонткон кыргыздын мыкты кинолору. Сүрөт түрмөк

17-ноябрь — Кыргыз кино өнөрүнүн күнү. Кылымга жакын убакыттын ичинде сонун кинолор тартылып, элдин табитин калыптандырып, руханий-эстетикалык да рахат тартуулады.
Sputnik
Бүгүн кыргызстандык кинорежиссерлор жараткан мыкты фильмдерди эсиңиздерге кайрадан салабыз.
1 / 13

Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. Алар элеттик жубайлардын ролун аткарган. Геннадий Базаровдун "Көчө" кинокартинасынан бир көрүнүш.

2 / 13

"Бакайдын жайытындагы" эки залкар — Муратбек Рыскулов менен Советбек Жумадылов

3 / 13

Баралына келип, таланты тапталган эки мыкты. СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Төлөмүш Океевдин "Улан" фильминде, Ысык-Көл, 1977-жыл.

4 / 13

Толгонай — жакындарын согуш жалмаган, бирок миң кайгыны былк этпей көтөргөн кайраттуу, ичтен сызганы менен каардуу да боло билген ЭНЕ. Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" киносундагы актриса Бакен Кыдыкеева.

5 / 13

Кыргыз Республикасынын эл артисти Орозбек Кутманалиев "Бөрү зындан" фильминде. Бул тасма тууралуу кезегинде Советтер Союзунда бир топ талкуу, алкоо, мактоо болгон.

6 / 13

Сүймөнкул Чокморов режиссер Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалтанын образында. Эмне деген керемет фильм!

7 / 13

СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева режиссер Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасында Карыз таененин образында

8 / 13

Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл.

9 / 13

Геннадий Базаровдун "Каныбек" фильми. Айдарбек датканын ролунда белгилүү актер Советбек Жумадылов.

10 / 13

Атактуу режиссер Мелис Убукеевдин "Манастын ааламы" киносунан ирмем. "Манас" менен кыргыздын дүйнөсүнө жетелеп кирип, ой-туюмду аңтарган фильмдердин бири.

11 / 13

Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма "Саякбай" деп аталат. Режиссеру — Эрнест Абдыжапаров.

12 / 13

Акыркы жылдары тартылган дагы бир жакшы кинолордун бири Актын Арым Кубаттын "Кентавры" болду. Ал өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу баяндайт.

13 / 13

Киночулар Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Ата керээзи" жан дүйнөнү сапырып кеткен фильмдердин бири болду.