Касымалиев Москвада ШКУнун баш катчысы менен Бишкекте өтчү саммитти талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Адылбек Касымалиев Москвада ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алганын министрлер кабинетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында болгон.

"Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. 2026-жылы Бишкек шаарында өтө турган ШКУнун саммитине даярдыктын негизги аспектилерине, ошондой эле уюмдун 25 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландарына өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев Кыргызстандын айрым демилгелерине, анын ичинде ШКУда каржылык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерине басым жасады", — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Ермекбаев катчылык Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россияга барган. Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышат.
Индия Кыргызстанга 253 млн. сом грант берет. Каражат кайда жумшалат?