БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 18-ноябрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, Нарын аймагында +5...+10 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +16...+18, Ош шаарында +17...+19 градуска чейин көтөрүлөт.