Президент Садыр Жапаров жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Анда жогорку окуу жайлардын 92 студенти өлкө башчынын колунан 60 миң сомдон алышты. Президент өз сөзүндө бул стипендия окуу жайлардын илимий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон, билимге, илимге, чыгармачылыкка умтулган, коомдун жашоосуна болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган студенттерге шык берүү үчүн ыйгарылганын айтты. Дал ушул президенттик стипендия алган студенттердин бири, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу инситутунун 4-курсунун студентти Рахима Кубатбекова “Стимул” программасында конокто болду.