“Кытай жарандары мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк. Учурда биринчи эле кезекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Бул долбоордо каралган иштерге кытай жарандары дагы өздөрүнүн заманбап технологиялары менен тартылды. Өзүбүз дагы бул долбоордун алкагындагы ички темир жолдорубузду куруп жатабыз. Бирок бул ири долбоорду биз өзүбүздүн гана күчүбүз менен сала албай турганыбызды жарандарыбыз жакшы түшүнүүсү кажет”, — деген Кулубаев.
“Ошол кытайлыктар каптап жатат деп провокациялык маалыматты таратып жаткандар жана Нарында же дагы башка жакта “жолдорубуз айлап-жылдап салынбай жатат” деп ач айкырык салгандар бир эле кишилер го дейм. Же Балыкчы — Барскоон жолун алалы. Жергиликтүү компаниялар биз жасайбыз деп жоопкерчилик алышкан. Төрт жылдан бери аягына чыккан жок. Кытайлык компанияларды биз жалдап иштетип жатабыз. Жолбу, көпүрөбү, туннелби, бүткөн соң кайра эле өз өлкөсүнө кайтышат. Эч ким түбөлүккө калып кетип жаткан жери жок. Ошондуктан учурдан пайдаланып жарандарыбызга, айрыкча “Кытай жарандары каптап кетет” деп негизсиз чочулап жаткандарга жана алар бул жакта мыйзамдуу, убактылуу иштеп жүргөнүн билип туруп абалды чыңалткысы келгендерге кайрылат элем. Биз жаңы бир нерсе ойлоп тапкан жерибиз жок. Өнүккөн мамлекеттерден квалификациялуу же арзан жумушчу күчүн долбоорлорго тартып туруу — дүйнөлүк практика. Баарыбыз өлкө өнүксүн дейбиз. Ошону талап кылабыз. Бирок ошол багытта иш жүрүп жатса элди козуткан, чагымчыл сөздөрдү айткандар бар. Бул такыр туура эмес көрүнүш”, — деген Кулубаев.