БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курамасы MANAS CUP турниринде ирандыктарды жеңди.
"Курманбек" стадионунда болгон оюндун биринчи бөлүгү 0:0 менен жыйынтыкталган. Экинчи бөлүктө ирандыктар эсеп санын ачып, бирок оюндун акыркы мүнөттөрүндө Марлен Мурзахматов гол киргизип, эсеп санын теңеди. Кошумча мүнөттө Саид Дациев өз дараметин көрсөтүп, "ак шумкарлар" жеңишти камсыздашты. Натыйжада эсеп 2:1 менен аяктады.
Белгилей кетсек, U-23 курамасы буга чейин бул команда менен 2 жолу беттешип, бирөөндө тең чыкса, экинчисинде жеңилип калган.
Эске салсак, Manas cup 2025 мелдешинин алгачкы беттешинде да олимпиадалык курама Бахрейнди 2:1 эсебинде уткан. Учурда турнирдик жадыбалда Россия менен Кыргызстан сап башында келе жатат.
Кийинки беттеш үч күндөн кийин болот. 18-ноябрда кыргызстандыктар россиялык спортчулар менен таймашат.