Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстан Борбор Азиядагы ынак коңшулук жана өз ара урматтоо принциптерине бекем, деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев күн мурун Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин Кеңешмесинде. Министрдин айтымында, Кыргызстан жарандардын жыргалчылыгын жакшыртууга жана аймактык туруктуулукту чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга толук даяр. Кеңешмеде Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшү талкууланып, алдыдагы саммиттин күн тартиби, кабыл алынуучу документтердин долбоорлору жана саясий кызматташууну колдоо боюнча чаралар каралды. Ошондой эле аймактагы негизги маселелерди биргелешип чечүү жана Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган жаңы багыттар талкууга коюлду. Жыйынтыгында тараптар көп тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин тастыктап, эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча туруктуу жана натыйжалуу диалогду улантууну макулдашты.
Өлкөдө 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү боюнча кошумча 26 шайлоо тилкеси түзүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Ошентип, аралыктан добуш берүү тилкелери Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарында түзүлөт. Тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүү тапшырылды.
Кыргызстанда эпизоотиялык абалды толук көзөмөлдөй ала турган лаборатория куруу пландалууда. Бул тууралуу министирлер кабинетинин төрөгасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Озерный айылында жайгашкан Илимий эксперименталдык базада өткөргөн көчмөн жыйынында белгилүү болду. Ведомстводон маалымдашкандай, аталган база Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна карайт. Жыйында Илимий эксперименталдык базада дүйнөлүк талаптарга жооп берген, молекулярдык жана генетикалык заманбап ыкмаларын колдонуу аркылуу терең изилдөөлөр жүргүзүлүп, ар кандай мал ылаңдарынын козгогучтарынын түрдүү штаммдарын аныктай турган, вакциналардык эффективдүүлүгүн текшерүүчү референс лабораториясын куруу пландары талкууланды. Белгиленгендей, лаборатория курулса эпизоотиялык абалды толук көзөмөлдөөгө шарттар түзүлүп, өлкөдөгү мал жана балык чарбаларынан өндүрүлгөн продукцияларды дүйнөлүк рынокко тоскоолдуксуз чыгарууга өбөлгө түзүлөт.