ЖМК: АКШда эбин таап Зеленскийди бийликтен кетирүүнү ойлоп жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. АКШнын Украиндагы коррупциялык жаңжалга өзгөчө көңүл буруп жатканы, ага кошумча, бул жагдайдын ЖМКда кеңири чагылдырылышы Вашингтондун Владимир Зеленскийди бийликтен четтетүү ниетин көрсөтүшү мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости кытайлык Sohu порталынына таянып жазды.
“Тимур Миндичке байланыштуу иш АКШнын ФБРи тарабынан кечиктирбей тыкыр көзөмөлгө алынды. Батыш медиасы да аталган тергөөгө өзгөчө көңүл буруп жатат, бул кырдаал Зеленскийди бийликтен четтетүү аракеттери болушу мүмкүн деген божомолду дагы да бекемдейт", — деп материалда айтылган.
Портал Киев бийлигинин башчысынын ар кыл шылтоону бетке кармап, Россия менен сүйлөшүүгө ниеттенбей жатканы Ак үйгө жакпай жатканын жазган.
Украинанын Антикоррупциялык улуттук бюросу (УКБ) 10-ноябрда энергетика тармагында кеңири масштабдуу операция жүргүзүп жатканын маалымдап, бул учурда табылган таңгакталган чет өлкөлүк валюталар салынган сумкалардын сүрөттөрүн жарыялады.
Рада депутаты Ярослав Железняктын айтымында, УКБ мурдагы энергетика министри жана азыркы юстиция министри Герман Галущенконун, ошондой эле “Энергоатом” компаниясынын кеңселерин тинтип жатат. “Украинская правда” басылмасы маалымат булагына таянып, УКБ кызматкерлери ишкер жана Владимир Зеленскийдин жакын санаалашы Тимур Миндичтин үйүн да тинткени барганын, бирок бул мезгилде ал Украинадан чыгып кеткенге үлгүргөнүн айтышты.
УКБ 11-ноябрда энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштуу уюмдун жети мүчөсүнө, анын ичинде Миндичке да айып такты. Иштин фигуранттарынын бири мурдагы Украина вице-премьери Алексей Чернышов болуп чыкты. Галущенко юстиция министри кызматынан четтетилди, анын отставкасын, ошондой эле энергетика министри Светлана Гринчуктун отставкасын Рада тастыкташы керек. Зеленский бейшемби күнү Миндичке жана анын башкы каржылоочусу Александр Цукерманга каршы санкцияларды киргизди.
Украинада энергетика тармагындагы коррупциялык жаңжал уланууда