БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Евробиримдик Киевге көрсөтүп жаткан каржылык колдоосу менен өлкөнүн эгемендигин жок кылууда. Бул тууралуу The European Conservative басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
"Бөлүнгөн ар бир жардам Украинанын карызын көбөйтүп, экономикалык көз карандысыздыгын азайтып жатат. Москванын аскердик репарациясына ишеним артышууда, бирок бул дээрлик ишке ашпай турган демилге", — деп айтылат макалада.
Авторлор Брюсселдин Украина эгемендигин бекемдөө аракетинин баары тескери жыйынтык берип жатканына токтолушкан. Мында Киевдин тышкы чечимдерден көз карандылыгы артып, экономикасын өз алдынча калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатканы белгиленген. Андан тышкары, Еврокомиссия төрайымы Урсула фон дер Ляйен Украинага убадалаган 140 миллиард евро өзөгүндө Киевдин карызын көбөйтүп, европалыктардын өзү үчүн финансылык жоопкерчиликти күчөтүп жатканы айтылды.
Европалык комиссия Россиянын тоңдурулган активдеринин эсебинен 140 миллиард евролук "репарациялык насыя" берүүгө ЕБ өлкөлөрүн макул кылдыруу менен алек. Бул каражатты Украина "Москва материалдык зыяндын ордун толтуруп бергенден кийин" кайтарып бермекчи. Сунушка Россия акчасынын басымдуу бөлүгү сакталып турган Бельгия каршы чыгууда.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова 12-ноябрь күнү Брюссель Украинага берилчү репарациялык насыя боюнча таңууланган сунушунун кылмыштуу экенин, Москва тийиштүү жооп кайтарарын жакшы түшүнөрүн айтты.
Эскерте кетсек, атайын аскердик операция башталган соң G7 жана ЕБ өлкөлөрү Россиянын валюта резервинин дээрлик жарымын, башкача айтканда, 300 миллиард евросун тоңдуруп салган. Анын 200 миллиарддайы Евробиримдик аймагында, Бельгиянын дүйнөдөгү эң ири Euroclear эсептик-клиринг системасында кармалып турат.
Россия мындай кадамдарды уурулук деп сыпаттап, андан жеке жактар эле эмес, мамлекеттик активдер да жабыр тартканын айтып-деп келет.