Садыр Жапаров майнинг-фермалардын иши боюнча түшүндүрмө берди

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, ушу тапта коомчулукта талкууланып жаткан майнинг-фермалардын иши тууралуу айтып берди.
Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгынан улам иштеп жаткан майнинг-фермалардын баары өчүрүлгөнү айтылган болчу.
Жапаровдун айтымында, өлкөдө иштеген эки майнинг-ферма тең өзүнүн көзөмөлүндө. Азыр алардын иши токтоп турат.
"Биринчиси — 30 МВт менен 2023-жылдан бери иштеп келе жаткан Кеминдеги "Соларкоин" майнинг-фермасы. Электр энергиясын толугу менен Россиядан Казакстан аркылуу алат. Транзиттен бүгүнкү күнгө чейин 172 миллион, бюджетке салык түрүндө 22 миллион сом түштү. Экинчиси — Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги ферма. Ал дагы 30 МВт менен иштейт. ГЭСке өзүбүз суранып жүрүп курдурдук. Эмне үчүн? 2009-жылы ГЭС салынганда 120 МВт менен ишке кирген экен. Бирок андан чыккан энергия 60-жылдардагы трансформаторлор жана эски линиялар менен элге жиберилип турган. Күчү 90 эле МВт болуп, 120 МВттын 30 МВты иштелип чыкпай кала берген. Бекер кетирбей ошол 30 мегаватты сатып алып жатышат", — деди президент.
Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп бүткөндөн кийин майнинг-фермаларды бийлик өзү издеп каларын, анткени энергияны кимге сатууну билбей, айрыкча жаз, жай, күз мезгилдеринде кардар издеп калган убак болоруна белгилеген. Ал аталган майнинг-фермалар күн жылыса иштеп баштай турганын белгилеп, негизи эле майнинг мамлекет үчүн пайдалуу экенине токтолгон. Президенттин айтымында, 4-5 жылдан кийин майнинг дагы, жаңы салынган трансформаторлор менен 92 чакырымдык жаңы линия дагы мамлекеттин менчигине өтөт.
Өлкө башчысы республика аймагында жогорудагы эки ишканадан башка бир да майнинг-ферма жок экенин, мыйзамсыз иштеп жаткандары аныкталса ири айып пул салынарын эскертти.
Өлкөдө майнинг-фермалардын кантип өчүрүлгөнүн көрсөтүштү. Видео