БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Президенттин администрациясында "Эң мыкты айыл өкмөт" наамын жеңгендер сыйланды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул сынак айыл өкмөттөрдүн айылдарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди ишке ашыруусуна түрткү болорун белгиледи.
Жалпы мамлекеттик сынак 12 миллион сомдук байге фонду менен эки категориядагы айыл өкмөттөрүнүн арасында өткөрүлдү. Биринчисине бийик тоолуу жана чек арага жакын райондордо жайгашкан айыл өкмөттөрү кирет. Алардын арасынан төмөнкүлөр байгелүү орундарды ээледи:
I орун — Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү — 3 миллион сом;
II орун — Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү — 2 миллион сом;
III орун — Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү — 1 миллион сом.
Жалпы айыл өкмөттөрүнүн арасындагы жеңүүчүлөр болуп төмөнкүлөр табылды:
I орун — Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү — 3 миллион сом;
II орун — Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү — 2 миллион сом;
III орун — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын айыл өкмөтү — 1 миллион сом.
Баалоодо калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, маданий, көңүл ачуучу жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу, инвестиция тартуу, финансылык каражатты сарамжалдуу пайдалануу сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынган.