БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Душанбеде КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны башталып, өлкө президенти Эмомали Рахмон делегация башчыларын кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды.
Рахмон парламенттер аралык ассамблея Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу жана конструктивдүү диалог үчүн талап кылынган аянтча экенин белгилеген. Анын айтымында, Ассамблея КМШ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын түзүп жакындаштырат, анын иши саясат жана коопсуздук, экономика, социалдык-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү сыяктуу негизги багыттарды камтыйт: .
"Парламенттер аралык уюмдун ишмердүүлүгү мамлекеттерибиздин мыйзамдарын калыптандыруу жана жакындаштыруу маселелери менен катар кызматташтыктын башка көптөгөн негизги багыттарын камтыйт. Атап айтканда, саясат жана коопсуздук, экономика, ошондой эле социалдык-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара алака", — деп белгилеген ал.
Эскерте кетсек, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын төрайымы болуп Валентина Матвиенко кайрадан шайланды.