Бишкек мэри "Түнкү тыныгуу" мыйзамы боюнча маанилүү суроолорго жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри "Түнкү тыныгуу" мыйзамы боюнча саат 22:00дөн тарта кафе-ресторандарда электр энергиясын өчүрүү маселесине байланыштуу суроолорго жооп берди.
Ал Sputnik агенттигине норма негизинен той-топур өткөргөн ресторандарга тиешелүү экенин, алар иш-чараларын 22:00гө чейин бүтүрүшү зарылдыгын белгиледи.
Мэрдин кебинин урунттуу учурлары:
чакан кафелер энергия көп сарптаган шаймандарын өчүрүп, жарыкты азайтып, үндү басаңдатышса, иш убактысын узартуу маселеси каралат;
түнү бою иштеген жана тамак даярдаган жайлардын генераторунун үнү үйлөргө угулбаса 22:00дөн кийин да иштей алышат;
нормалардын сакталышы жана ошол эле учурда бизнеске да шарт түзүү максатында сунуштар иштелип чыгат;
ишкерлерде сунуш болсо, мэрия аларды талкуулоого жана орток чечим табууга даяр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда "Түнкү тыныгуу" мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, түнү элдин тынчын алган ызы-чуу жасагандарга милиция чара көрүүгө укуктуу болот. Ошондой эле той-топурлар саат 22:00дө бүтүшү керек.
22:00дө жабылбаган кафелер бир айга жарыксыз калат! Оштун мэри рейд өткөрдү