БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Киев Европаны баш пааналап кеткен жарандарын кайтарып, фронтко жөнөтүү үчүн чагымчылыкка даярданууда. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, батыштагылардын Зеленскийге украин элин жок кылуу милдетин такканы жашыруун болбой калды. Захарова Батыш жан айласы менен барган украиналыктарды өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн катарына кайтаруу үчүн кыса баштаганын белгилеген.
"18 жаштан 22 жашка чейинки эркектердин өлкө аймагынан чыгуусуна салынган тыюунун алынганына карабай Киев Украинадан чыгып кеткендерди кайтарып, фронтко салуу үчүн эч нерседен баш тартпайт сыяктанып калды. Маалыматтык чагым болушу да мүмкүн", — деген Захарова.
ТИМ өкүлүнүн айтымында, Киев азыр Европада жүргөн жарандары фронтко жөнөтүлөрү менен жок болорун жакшы түшүнөт.
Эскерте кетсек, Украина өкмөтү августтун аягында 18 жаштан 22 жашка чейин эркектердин өлкө аймагынан чыгуусуна салынган тыюуну алып таштаган. Кийин жергиликтүү ЖМКлар алардын жапырт кетип жатканын жазса, видеолор соцтармакка тарап кеткен. Ага чейин Украинада аскердик абалдан улам 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгуусуна таюу салынган болчу. Мобилизация маалында аскердик кызматынан баш тарткандар үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.