Армения ЕАЭБден чыкса экономикасы жапа чегет. Эксперттик пикир

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. ЕАЭБден чыгуу Армениянын экономикасын жабыркатат. Бул тууралуу өлкө парламентинин экс-депутаты, "Сильная Армения с Россией" кыймылынын координатору Айк Бабуханян билдирди.
Бүгүн Ереванда "Евразиялык интеграция жана Армения Рсепубликасынын экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги" аталышындагы тегерек стол өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Россия, Беларусь, Армения жана Грузия менен Молдовадан эксперттер катышкан.
Бабуханян ЕАЭБдин аркасы менен Армения экономикасын кыйла ирдентип алганын белгиледи.
"Эгер уюмга интеграция уланса Армения ийгиликке жетет, болбосо экономикалык көрсөткүчтөр эле ылдыйлабастан, көптөгөн социалдык маселелер да жаралат", — деген экс-депутат.
Анын айтымында, Армения ЕАЭБге киргенде каршы чыккандар азыр да Еревандын позициясын солгундатууга аракет кылып жатышат.
ЕАЭБ ичинде айлык акы Кыргызстанда тезирээк өсүүдө