15-ноябрга карата аба ырайы

15-ноябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ишембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көлдө +9...+14, Нарын өрөөнүндө +6...+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16…+18, Ош шаарында +17...+19 градуска көтөрүлөт.
Эт, май, ун... Социалдык маанидеги товарлардын баасына көзөмөл күчөтүлдү