Жогорку лигага быйыл кошулган “Барс” кантип дароо чемпион болду?

Sputnik
Караколдун “Барс” футбол клубу кыргыз премьер-лиганы утту. Жогорку лигага быйыл эле кошулган “Барс” 61 упайга ээ болуп, 2025-жылкы премьер-лиганын жеңүүчүсү болду. “Барс” футбол клубунун директору Канимет Аралбаев “Спортбокс” программасында конокто болуп, кантип дароо эле чемпион болууга мүмкүнчүлүк жаралганын айтып берди.