Президенттин администрациясында "Эң мыкты айыл өкмөт" наамын жеңгендер сыйланды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул сынак айыл өкмөттөрдүн айылдарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди ишке ашыруусуна түрткү болорун белгиледи.Жалпы мамлекеттик сынак 12 миллион сомдук байге фонду менен эки категориядагы айыл өкмөттөрүнүн арасында өткөрүлдү. Биринчисине бийик тоолуу жана чек арага жакын райондордо жайгашкан айыл өкмөттөрү кирет. Алардын арасынан 1-орунду Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү утуп алды. Ал эми жалпы айыл өкмөттөрүнүн арасынан 1-орунду Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү утуп алды.
Агартуу министрлигинде шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү. Мекемеден маалымдашкандай, жыйын министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана министрдин орун басары Альберт Махметкуловдун жетекчилиги алдында өттү. Жыйында министрликтин жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине шайлоонун үгүт иштерине кандай гана формада болбосун катышууга тыюу салынары айтылды. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бул талапты бардык билим берүү уюмдарына, ошондой эле облустук, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жеткирүү тапшырылды.
Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү жаңы заводго катуу тиричилик калдыктары жеткирилди. Бул тууралуу мэрия билдирди. Сынамык иретиндеги жасалып жаткан иш-чарага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышкан."Пилоттук режимдин алкагында 17 атайын техника бирден рейс жасап, жалпы жонунан 126 тонна таштанды жеткирди. Көлөм 1 000 тоннага жеткенден кийин таштандыны утилдештирип, андан соң электр энергиясын өндүрүү процесси ишке киргизилет", — деп айтылат маалыматта. Заводдун курулушу учурда акыркы этабында, толугу менен 2025-жылдын 26-декабрында ачылат.
Киев Европаны баш пааналап кеткен жарандарын кайтарып, фронтко жөнөтүү үчүн чагымчылыкка даярданууда. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, батыштагылардын Зеленскийге украин элин жок кылуу милдетин такканы жашыруун болбой калды. "18 жаштан 22 жашка чейинки эркектердин өлкө аймагынан чыгуусуна салынган тыюунун алынганына карабай Киев Украинадан чыгып кеткендерди кайтарып, фронтко салуу үчүн эч нерседен баш тартпайт сыяктанып калды. Маалыматтык чагым болушу да мүмкүн", — деген Захарова. Анын айтымында, Киев азыр Европада жүргөн жарандары фронтко жөнөтүлөрү менен жок болорун жакшы түшүнөт./// Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 69 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 75 сом 90 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 15-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көлдө +9...+14, Нарын өрөөнүндө +6...+11 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +16…+18, Ош шаарында +17...+19 градуска көтөрүлөт.