Ташиев: уруу-урууга бөлүнүп курултай өткөргөнүңөрдү токтоткула!

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргыздардын арасында уруучулукка бөлүнүү күчөп кетти, муну токтотуш керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Region телеканалы аркылуу жасаган кайрылуусунда билдирди.
Ал уруучулук менен жашоо, ага таянып саясат жүргүзүү туура эмес экенин белгиледи.
"Менин уруум кыйын болгон, көп болгон, ушундай адамдар чыккан деп эн тамгаңарды белгилеп, республика боюнча курултайларды өткөргөнүңөрдү токтоткула! Тууган бол, уруу бол, урук бол, аны өзүң бил, бала-чакаңа үйрөт, бирок өзүнчө мамлекетке окшоп кетпегиле", — деди Ташиев.
Ал мындай нерсени мамлекет туура эмес деп эсептеп, колдобой турганын кошумчалады.
Ташиев: түнкү 10дон кийин тойлор токтобосо жергиликтүү бийлик жоопко тартылат