БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында март айынын соңуна чейин бир дагы майнинг-ферма иштебейт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Region телеканалы аркылуу жасаган кайрылуусунда билдирди.
Ал мындай чечим энергетика министри Таалайбек Ибраев менен кабыл алынганын айтты.
"Мамлекетте маал-маалы менен өчүрүү деген болбойт. Эч бир жерде атайын жарык өчүрүлбөйт. Жарык, кудайга шүгүр, жетиштүү. Ошентсе да электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз. Урматтуу президентибиз да, министрлер да ушул тууралуу айтып жатат. Туура, быйыл суу аз болуп, электр энергиясын өндүрүү азайды. Ошого карабастан быйыл кыштан чыгабыз", — деди Ташиев.
УКМК башчысы майнинг-фермаларды иштетүүгө аракет кылгандар катуу жазага тартыларын кошумчалады. Ал ошондой эле бардык мамлекеттик мекемелерде кечки саат 18:00дөн кийин жарык өчүрүлүшү керектигин белгиледи.