Ташиев аким-губернаторлорго эттин баасы боюнча катуу эскертүү берди

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев облус башчылары менен район акимдерине эттин баасын көзөмөлдөөнү тапшырып, катуу эскертүү берди.
Ал "Регион" телеканалы аркылуу жасаган кайрылуусунда өкмөттүн эттин баасын көзөмөлдөө боюнча токтому аймактарда аткарылбай жатканын, 680-700 сомдон белгиленген баа ушу тапта 800-900 сомго чейин чыгып кеткенин белгиледи.
"Негизги себеп — алып сатарлар. Этти дүңүнөн тапшыргандар 450-500 сомдон берип жатышат. 100 сом кошсо түшүнүктүү болмок, бирок алар бааны дээрлик эки эсеге чейин көтөрүп жиберишиптир. Муну маморгандар жана жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алышы керек эле, бирок алар милдетин аткарбай, буга кайдыгер мамиле жасашкан. Азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө жергиликтүү бийлик түздөн-түз жооптуу болот. Бир жерде эт кымбаттаса, айыл өкмөт, аким, мэр, жооп бересиңер", — деди Ташиев.
Кыргызстан өзүн уй жана кой эти менен толук камсыздап жатат