Садыр Жапаров Таласта "Баластан" балдар борборунун курулушуна капсула салды

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас шаарындагы "Баластан" балдар оюн-зоок борборунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Балдар борбору 6,5 гектар жерде жайгашып, 2026-жылы пайдаланууга берилет.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас шаарындагы "Баластан" балдар оюн-зоок борборунун курулушуна капсула салды

2 / 4

Балдар борбору 6,5 гектар жерде жайгашып, 2026-жылы пайдаланууга берилет

3 / 4

Ал ошондой эле "Манас Ордо" комплекси реконструкцияланып, борбордук парк жана аллеялар жаңыланып, 5500 орундуу стадион жана ипотекалык турак жайлар курулуп жатканын белгиледи

4 / 4

Өлкө башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сапатка жооп берген имарат тургузууга чакырды

"Бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат", деди президент.

Ал ошондой эле "Манас Ордо" комплекси реконструкцияланып, борбордук парк жана аллеялар жаңыланып, 5 500 орундуу стадион жана ипотекалык турак жайлар курулуп жатканын белгиледи.
"Талас шаарындагы өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун башаты катары "Баластан" оюн-зоок борборун куруу милдети турат. Муну аймактарды өнүктүрүү саясатынын айкын далили десем да болот", — деди президент.
Өлкө башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сапатка жооп берген имарат тургузууга чакырды.
Талас: "Манастагы" окуяларды 12D форматындагы анимация менен көрүүгө болот