УКМК Түркияда кармалган Додикти Кыргызстанга алып келди

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Эл аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү М.Д.М. Түркиядан кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Додик каймана аттуу 41 жаштагы киши мурда каракчылык үчүн соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө ал жер тилкелерин алдамчылык жол менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган.
"Мындан тышкары, М.Д.М. уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү үчүн Манас шаарындагы курулуш компанияларынын биринен батир алганы аныкталды", — деди атайын кызмат.
УКТнын мүчөсүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин "Ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча иш козголгон. УКМК бул адамдан жабыркагандар болсо 0995 012210 (WhatsApp) ишеним номерине кайрылууга чакырат.
Ташиев: өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор жок, алардын каржылык булактары бөгөттөлдү