БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Токмокто телефон шылуундары аялдын 4,7 миллион сомун котортуп алышкан. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, 60 жаштагы С. Р. аттуу жаран милицияга кайрылып, өздөрүн УКМКнын, Чүй облустук ИИББдин жана Улуттук банктын өкүлдөрү катары тааныштырган шылуундар эсебиндеги акчасын котортуп алганын айтып арызданган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучунун каражаты 25 жаштагы А.Б. аттуу жарандын атына ачылган эсепке түшкөнү аныкталган.
"А.Б. сый акы үчүн өзүнүн банктык картасын, эсебин жана мобилдик банкингин шылуундарга толук өткөрүп берип, дроппер (ортомчу) болгон", — деди ИИББ.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында алдамчылыкка шектелип 22 жаштагы Ж.Б жана 23 жаштагы С.Ж. кармалды. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин сот бөгөт чарасын карап электрондук көзөмөлгө алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө амалдары уланууда. Ал эми банктык карталарын өткөрүп берген дропперге карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-1- беренеси ("Электрондук төлөм инструменттерин, виртуалдык актив капчыктарын жана SIM-карталарын үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча иш козголгон.