Министрлик: мектептерде сабак бүткөндөн кийин жарык өчүрүлүшү керек

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын мектептеринде бардык сабактар бүткөндөн кийин бир сааттын ичинде жарык өчүрүлүшү керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактарда электр энергиясынын тартыштыгынан улам сабактар кыскартылып, ийримдер убактылуу жабылып жатканы тууралуу маалымат тараган. Айрымдар саат 18:00дөн кийин жарык күйгүзүүгө болбой турганын да жазышкан.
Агартуу министрлиги электр энергиясын үнөмдөө боюнча токтомдун негизинде чаралар көрүлүп жатканын тастыктады. Имараттардын иштешин жана сакталышын камсыз кылган инженердик системалар менен жабдуулар бул чектөөгө кирбейт.
Ал эми Бишкек мэриясы окуу процесси, ийримдердин иши үзгүлтүккө учурабай турганын билдирди.
Бийлик кыргызстандыктарды электр кубатын үнөмдөөгө чакырып келет. Бул Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 миллиард метр кубга аз экендиги менен түшүндүрүлгөн.
Министрлик: быйыл кышында жарык маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүн