Балыкчыда рельстен чыгып кеткен локомотив жолду талкалап, карагайды сүздү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Балыкчыда локомотив рельстен чыгып асфальтты талкалап кеткен. Видео социалдык тармактарга тарады.
Окуяга күбө болгондор локомотив карагайды сүзгөнүн айтышууда.
Видеонун автору бул бөлүктө жол кыймылына уруксат берилбегендиктен Бишкек — Балыкчы багыты боюнча бараткан локомотив ал жерден өтпөшү керектигин белгилеген.
Маалыматка ылайык, эч ким жабыркаган эмес. "Кыргыз темир жолу" окуя боюнча комментарий бере элек.
Бир аптада эле коопсуздук курун тагынбаган 400 миң айдоочу менен жүргүнчү аныкталды