Көк-Жар айылынын 172-контурундагы 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектин Көк-Жар айылынын 172-контурундагы алты гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалыматта шаардык милиция айрым жарандар менен мамкызматкерлердин коррупциялык схема түзүп айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып келгенин аныктаганы белгиленди.
Тергөөнүн жыйынтыгында 14 кишиге айып салынып, ал эми И.Ж., Б.А., С.Б., Б.И., О.И. жана С.Э. ыктыярдуу түрдө жалпы аянты алты гектар болгон, баасы 150 миллион сомдук жер тилкелерин мамлекетке кайтарып беришкен.
Участоктор Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн. Тергөө амалдары уланууда.
Эске салсак, быйылкы жылдын жай айларында калаа мэриясы 172-контурдун жери айыл чарба багытында болгондуктан курулуштар мыйзамсыз салынганын билдирген. Буга байланыштуу ал жердеги объектилер түрттүрүлө баштаганда айылдын жашоочулары жол тосуп чыгышкан. Алардын айрымдарын милиция кармап кеткен.
Кой-Ташта Атамбаевдин үйү турган жерге карылар үйү менен бала бакча курулат