БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Батыш акырындап Киевге бөлүнгөн акча уурдалып жатканын түшүнө баштады. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украинадагы коррупциялык жаңжалга европалык мамлекеттер да, АКШ да көңүл бурду деп ойлойбуз. Булар — Киевди аябай катуу колдогон тараптар. Эми жөнөтүлгөн акчанын басымдуу бөлүгү, башкача айтканда, элинен алып Украинага жөнөткөн каражат Киев режими тарабынан уурдалып жатканын түшүнө башташса керек. Муну барган сайын көбүрөөк киши аңдай баштады", — деген Песков.
Ал күч алып жаткан жаңжалга Кремль да көз салып жатканын белгиледи.
Украинанын энергетикасындагы коррупциялык жаңжал
Дүйшөмбү күнү Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.
Украина өкмөтү компаниянын жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.
Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырды.