Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: Украинада атышуу токтосо эле чырдын түпкү себеби жоюлуп кетпейт

Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Украинада атышуунун токтошу менен эле жаңжалдын баштапкы себептери жоюлуп кетпейт. Бул тууралуу Россиянын БУУДагы туруктуу өкүлү Василий Небензя маек учурнда айтканын РИА Новости кабарлады.
"Ушу тапта Владимир Зеленский менен европалыктар атышууну токтотууну талап кылып жатышат. Бул болгону алардын согуш талаасындагы оор абалынын чагылышы, аларга азыр адам ресурсу жетишпей турат. Бир аз дем алып алып, кайрадан Украинага курал-жарак ташуу үчүн убакыт керек. Бирок тирешүүнү, атышууну токтотуп, биз жаңжалга себепкер болгон маселелерди чече албайбыз", — деди РФ өкүлү.
Небензя муну менен бирге Батыш Украинаны колдонуп Россияны тизелете албасын жакшы түшүнөрүнө токтолгон.
"Бул — Украина менен да эмес, бүтүндөй Батыш менен каршылашуу. Алар үчүн Киев болгону Россияга сокку уруу үчүн пайдаланыла турган курал. Азыр аны көп айтпай калышты, анткени Россияны жеңип алуу мүмкүн эмес экенин аз-аздап түшүнүп келе жатышат", — деди дипломат.
РФ өкүлү украин маселесин чечүүдөгү АКШнын аракети боюнча да пикирин билдирген. Анын айтымында, Америка тарап жаңжалдын канчалык тереңдеп кеткенин жакшы аңдай албай жатат.
"АКШ администрациясы чырды соңуна чыгарууга чын дилинен киришип жатат, бирок анын келип чыккан себеби канчалык терең экенин чындап түшүнө электей", — деди Небензя.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-августунда Россия менен АКШ лидерлери Аляскада жолугуп, эки тараптуу мамилелерди жана украин маселесин жөнгө салуу жолдорун талкуулашкан. Путин да, Трамп да сүйлөшүү маңыздуу болду деген жыйынтыкка келишкен. РФ президенти саммиттин жыйынтыгы менен Украина чырын аяктоо мүмкүнчүлүгү пайда болгонун айтып, тынчтык узакка созулушу керектигин белгилеген. Ага чейин Путин узак мөөнөттүү тынчтык үчүн жаңжалдын түпкү себептери жоюлушу керектигин бир нече ирет айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп украин жаңжалынан АКШ канча чыгымга учураганын айтты