БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Манас шаарында Тез жардамдын санариптешкен диспетчердик кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы система чакырууларды автоматтык түрдө бөлүштүрүп, бригадалардын кыймылын реалдуу убакытта көзөмөлдөйт.
Тутум жаңы компьютерлер, планшет/телефон сыяктуу мобилдик түзүлүштөр, туруктуу электр булагы, карта жана аналитика кошулган атайын программалар менен камсыздалган. Башкача айтканда, Тез жардам кызматын туруктуу жана так иштетүүгө керектүү бардык техника орнотулган.
Саламаттык сактоо министрлиги диспетчердик кызмат Манас шаарын жана Сузак районун камтый турганын билдирди.