БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Украина менен Улуу Британия россиялык МиГ-31 истребителин "Кинжал" менен кошо уурдоону пландаштырып, ири чагым даярдап келишкен. Бул тууралуу Россинын Федералдык коопсуздук кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.
ФСБ шейшемби күнү украиналык аскер чалгынчыларынын жана алардын британиялык кураторлорунун МиГ-31ди "Кинжалы" менен уурдап кетүү боюнча операциясын үзүлтүккө учуртканын кабарлаган. Кызмат берген маалыматта Украина Коргоо министрлигинин Башкы чалгын кызматы 3 миллион доллар убадалап россиялык учкучтарды азгырганы айтылат. Уурдалган МиГ-31 "Кинжалы" менен Румыниянын Констанца шаарында жайгашкан НАТО базасына багытталмак да, ал жерден учакты абадан коргонуу системалары атып түшүрмөк.
"Көрүлгөн аракеттердин негизинде Украина жана Британия чалгын кызматтарынын ири чагым уюштуруу планы ишке ашкан жок", — деп айтылат ФСБнин маалыматында.