БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүндөгү ЖМКлардын өзөгүн ынтымак-ырашкерлик, достук, чынчылдык жана жардам берүүгө умтулгандык түзүшү керек. Бул туурасында КМШнын алкагында өтүп жаткан IV медиафорумда "Россия сегодня" медиатобунун директору Дмитрий Киселев айтты.
"Азыр жалган нерселер, фейк маалыматтар бар, айрыкча, санариптик дүйнөдө көп. Бирок эгерде сизде өзөктүү сапаттар, баалуулуктардын негизи болсо, биз коом катары, эл катары, өлкөлөр катары жеңишке жетебиз", — деген ал.
Медиатоптун бул айдыңында Россиянын жана анын чет жакасындагы өлкөлөрдүн белгилүү, салмактуу өкүлдөрү чогулган.
Алар ЖМКда жасалма интеллектини колдонууну, журналисттин ишиндеги укуктук маселелерди, өзгөчө, кесиптик этика боюнча талкуулашмакчы.
Форумду "Россия сегодня" эл аралык медиатобу РФтин Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен уюштуруп жатат