Ачылышы Жаштар күнүнө туура келип, бүгүн анда "Кыялымдагы Кыргызстан" деп аталган жаштар форуму өттү.
Комплекстин курулушу быйыл башталган. Буга чейин ал жерде кафе, ресторан, түнкү клубдар жайгашып, эски аренаны айрым бөлүктөрү каралбай калган болчу.
Бул жерде кичи футбол, баскетбол, волейбол жана башка спорт түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрсө болот. Имарат өзү үч кабаттан туруп, астында жертөлө жана 80 унаага ылайыкталган автотоктотмо бар. Майыптар үчүн да бардык шарт каралган.
Өлкө башчы "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форумунда сөз сүйлөп, арена мындан ары "Жаштык" деп аталарын айтты.
"Арена бүгүндөн тартып борбор калаабыздын спорттук жана маданий борборуна айланат. Бирок, эң башкысы, бул жай силер үчүн, жаштар үчүн курулду! Бул аренанын чыныгы ээси, анын деми, анын жашоосу – жаштар, силерсиңер", — деди Садыр Жапаров.
Калаа мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, курулушка алгач 700 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн, бирок учурдагы чыгым 1,3 миллиард сомго жеткен.
Тема боюнча: