БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын акыркы тизмесин жарыялаганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, шайлоочулардын саны 4 миллион 297 миң 40 адамды түзгөн. Анын ичинен 48,46 пайызы (2 082 263) эркектер жана 51,54 пайызы (2 214 777) аялдар.
"Шайлоочулардын кагаз түрүндөгү толук тизмелери 2025-жылдын 10-ноябрына чейин 2 492 шайлоо тилкесине илинет", — деп айтылат маалыматта.
1255 же 119 номерине телефон чалуу менен кайсы жерден добуш берериңизди толук тактап алсаңыз болот.