БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда турак жай жаштар үчүн жеткиликтүү боло баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаштар күнү менен куттуктоосунда айткан.
Ал кыргыз жаштары Гарвард, Массачусетс, Йель, Принстон сыяктуу дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алып жатканын белгилеген. Минкаб башчысы жаштар эл аралык спорттук жана интеллектуалдык мелдештерде ийгиликтерге жетишип, калк ичинде билектин күчү да, билимдин күчү да жогорку деңгээлде экенин далилдеп келишерин айткан.
"Акыркы жылдары Кыргызстанда турак жай куруу жогорку темп менен жүрүп жаткандыктан жаштар үчүн үйлөр жеткиликтүү боло баштады. IT тармагында, ошондой эле курулушта, өнөр жайда, айыл чарбасында жана туризмде көптөгөн жаңы жумуш орундары түзүлдү", — деген Касымалиев.
Өкмөт башчы 2023-2030-жылдардагы Жаштарды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагындагы иш-чаралар жаштардын демилгеси, таланты менен айкалышып, билим алуу, жумушка орношуу жана коомдук турмушка катышууда жакшы жылыштар болуп жатканын кошумчалаган.