11-ноябрга карата аба ырайы

11-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 11-ноябрь, шейшембиде, күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көлдө +5...+10, Талас облусунда +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Нарын жергесинде +2...+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин көтөрүлөт.
Кышкы туризм үчүн Алматы менен Караколду байланыштырган авиакаттам жанданат